• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аида Исмаилова, ЖКнын депутаты: “Кыргызжолтрансдолбоор” ишканасында Жамшитбек Калилов 5 жыл мыйзамсыз иштеген»

26 Чын куран 2018 10:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек 25.04.2018. Govori.TV
“Азыркы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов министр болгонго чейин министрликке караштуу мекемеде беш жыл мыйзамсыз иштеген. Мындай маалыматты бүгүн ЖКнын жыйынында депупат Аида Исмаилова айтты.
“Министрликтеги “Кыргызжолтрансдолбоор” мамлекеттик ишканасына азыркы министр Жамшитбек Калиловду мурдагы министр Исаков өз буйругу менен дайындап  койгон. Мамлекеттик ишканаларга негизи Өкмөт башчы дайындашы керек эле. Ошондуктан, ал мыйзамсыз иштеп келип, министр болгон. Азыр да ал жерде мыйзамсыз бирөө иштеп жатат. Өкмөт мындай алакшемдиктерге качан көңүл бурат?”,-дейт ал.
Эске сала кетсек,Жамшитбек Калилов экинчи жолу транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды.
Количество просмотров: 26