• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аида Исмаилова Элчи болуп дайындалды

16 Бирдин айы 202217:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылат.

Исмаилова 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. 2020-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 405