• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Экс -депутат Исмаилова Кореяга элчи болобу?

24 Үчтүн айы 202217:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилик кызматына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Учурда Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси болуп Динара Кемелова эмгектенет.

Кошумчалай кетсек, Исмаилова 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. 2020-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 156