Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Вице-спикер Аида Касымалиева АКШнын экс-президенти Барак Обама менен жолугуп, маектешкенин өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.
«Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим. Айтор, эмоция көп!»,-деп билдирген А.Касымалиева.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Канадада өтүп жаткан саммитте дүйнө жүзү боюнча тандалып алынган лидер аялдар тууралуу тасманын бет ачарына катышып, сөз сүйлөдү.