• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Аида Касымалиева Дональд Трамптын сый тамагына катышты

7 Бирдин айы 202012:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Жыргалбек Турускулов АКШ Президентинин ар жылдык сый тамагына катышты. Сый тамак сенатта Президент Дональд Трамп жарыяланган импичмент боюнча акталар замат башталды.

https://www.facebook.com/aida.kasymalieva/posts/10218081200354027

Вице-спикердин айтымында, АКШ тарабынан жакында Кыргызстанга жарыяланган визалык чектөөлөрдү тезинен алып салуу кыргы-америкалык байланыштын алдында турган өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө негизги себеп бирөө – биометрикалык паспорттордун жоктугу экени белгилүү болду. Муну АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу да, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев дагы белгиледи. Мамкаттоо кызматы андай паспорттор 2021-жылдан тарта киргизиле турганын айтат. Дагы бир жыл күтүүгө болбойт. Парламенти менен өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, тезинен «кара тизмеден» чыгуу аракеттерин жасашы керек», – деди Аида Касымалиева.

Кыргызстандын элчилигинде өткөн жолугушууда визалык чектөөлөрдүн киргизилиши АКШдагы кыргыз диаспорасын да тынчсыздандырып жатканы белгилүү болду.

«Азыркы учурда элчиликтин консулдук каттоосунда АКШ менен Канадада туруктуу жана убактылуу жашап жаткан 5,5 миң кыргыз жараны катталган. Иш жүзүндө алардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн. АКШнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 1999-2019-жылдар аралыгында 10 миңден ашуун кыргыз мигранттарына АКШнын легалдуу жана туруктуу резиденти («грин карт») макамы берилиптир», – деп кошумчалады вице-спикер.

Количество просмотров: 42