Депутат Аида Касымалиева коркутуулар болгону тууралуу айтып чыкты. Бул тууралуу Касымалиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал буга чейин “Ала-Арча” резиденциясында болгон жыйындан кворум болбоосу үчүн чыгып кеткенин айткан. Анын айтымында, бирок ал келди деп саналып калган. Ал эми бүгүн бул кылганы үчүн өкүнүп жатканын жазган.
«Жыйындан кетпей эле баарын жыйын учурунда, эфирде кошоматчылык кылган айрым кесиптештериме айтып алсам болмок», — деген ал.
Муну менен катар эле анын дарегине кесиптеши тарабынан коркутуу болгонун жазган.
Белгилей кетсек, Касымалиева Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылууга каршы пикирин билдирген.
Ал жыйында журналисттерге маалымат берип жатып башка да талапкерлер бар экенин белгилеп өткөн.
Эске салсак, кечээ ЖК депутаттары кезексиз жыйынынга чогулуп, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырышкан.