• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аида Салянова, депутат: “Бийликтин оюну алы келбеген балага агасын ээрчитип келгендей эле болду…

21 Бирдин айы 2018 13:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV
“Эртең прокуратура Жогорку сотко жаза жумшак болуп калды деп нааразы болгондой болуп кайрылса, ага таң калбаш керек. Анткени Коопсуздук кенешиндеги президенттин коррупция жөнүндөгү сөзү прокуратура үчүн сөз эмес, прокуратура үчүн мен жоопко тарткан адамдардын сөзү сөз”. Бул тууралуу депутат Салянова ЖКдагы билдирүүсүндө айтты.
“Коррупция менен күрөшү бүгүн максатына жеткен жок. Мен эле эмес, көптөгөн укук коргоо органдарында иштеген адамдардын мээнети таланып-тонолуп, жалпы ийгиликтерди дискредитацияга алып келди. Коррупция менен күрөшүү биздин мамлекетте мыйзам алдында бары бирдей болгон күнү кана ийгиликтүү болот. Мен өзүм үчүн эмес жалпы укук системасынын келечеги үчүн Сиздерди, урматтуу депутаттар, сот жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын талап кылууну өтүнөм. Бул көзөмөл парламенттин мойнунда”,-деди ал кесиптештерине кайрылуу менен.
“Бийликти пайдаланып өч алуу, мен үчүн баягы  бала өзү менен тең баладан таяк жеп, алы келбегенде улуу агасын чакырып келип өзү менен тең балдарды сабаткан менен эле барабар. Бул алсыздык. Бул жигитчиликке дагы жатпайт. Бизден өч алам деген адамдар бизден таза, бизден бийик болушу керек эле. Мына ошондо биз женилмекбиз. Ошол оппозицияны  баш көтөргүс кылмак. Ошол деморализацияга алып келмек”,-дейт эл өкүлү.
Эске сала кетсек, эртең-бүгүн депутатты БШК мандатынан ажыратышы мүмкүн.
Количество просмотров: 30