• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аида Салянова: Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн саясатташтырып жиберишти

29 Үчтүн айы 2019 12:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2019. Govori.TV

2014-жылдын мартында киши колдуу болуп каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн саясатташтырып жиберишти. Бул тууралуу маалымат жыйында мурунку депутат Аида Салянова билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлар АКШда Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири, Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов кармалды деп жазып чыгышкан. Бирок, жактоочулар анын бул кылмышка тийиштиги жок экендигин белгилешүүдө. Ага «Тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу» беренеси боюнча айып тагылууда.

Аида Салянованын айтымында, тергөө Калыбек Элтуйбасовго эч кандай айып таккан эмес. Кыздын өлгөн күнү ал такыр башка жерде болгондугу аныкталган.

«Анын 10-мартта кайда жүргөнү минута боюнча такталган. Менин тууганымдын дарегине карата айтылган айыптоолордун түпкүрү Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку кызматкери Насырбек Алмаматовдун жалган көрсөтмөлөрүндө жатат. Ал ири өлчөмдөгү пара алган деген айып менен соттолгон. Ал Калыбек тууралуу жалган көрсөтмө берген», -деди Аида Салянова.

Аида Салянова билдиргендей, анын жакын тууганы күбөдөн кылмышка шектүүгө айланып калды. Ал 2017-жылы ИИМде башчылык кылган Улан Исраиловдун маалында болгон. Ал эми Интерполго Калыкбек Саляновду издөө тууралуу кулактандырууга Биринчи Май райондук сотунунун соту Айбек Эрнис уулу кол койгон.

Эскерте кетсек, Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында жоголгон. Бир жумадан кийин ал Байтик айылындагы мүрзөдөн табылган. Кыздын муунтулуп өлтүрүлгөнү такталган.

Булак: 24kg

Количество просмотров: 32