• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Аида Салянова оорукана жаткырылды

21 Баш оона 2019 16:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.

Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын жүрөк булчуңдары сезгенип, Улуттук кардиологиялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

«Бирок, чет жерден операция жасатуу тууралуу кеп болгон жок. Аида Салянованы үй камагына чыгарышкан, ал эми аны башка өлкөгө барып дарыланып келүүсүн сот чечет», -деди ал.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-августта мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген.

Количество просмотров: 2