• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Аида Салянова ыраазычылыгын билдирди

7 Баш оона 201917:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

Кримтбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары кармалган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу достор, мекендештер! 
Кечээ, 6-августта Аида Салянованын туулган күнүндө куттуктаган сөздөрүңүздөрдү эжеме жеткирдик. Эжем баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирип, рахматын айтты. “Сиздердин каалоо-тилегиңиздер мага дем–күч берип, жетпеген аба, көрүнбөгөн күндүн ордун толуктап койду. Айткан ак тилек, берген батаңыздарды Кудайым кабыл кылсын! Баарыңыздарга чоң рахмат, аманчылык, бакубат жашоо каалайм!”,- деди.

Жүрөктөн чыккан сөздөрүңүздөр, куттуктооңуздар эжемдин демине дем, күчүнө күч кошоору шексиз! Үй-бүлөбүздүн атынан чоң ыраазычылык билдиребиз!»,-деп жазган Турдалиева.

Эске салсак, 6-августта Аида Салянованын туулган күнү болду. Ал 47 жашка толду. Бул күнү туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Адвокат жана анын туугандары ден соолугу начарлап жатканын айтып келатышат.

Количество просмотров: 13