Бишкек. 02.02.2018. Govori.TV.
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы процесс дүйшөмбү, 5-февралга жылдырылды.
https://www.facebook.com/rita.karasartova/videos/pcb.1604723082943500/1604722109610264/?type=3&theater
Бүгүн сот саат 10:30дан кечки 20:00гө чейин уланды. Жараяндын башында адвокаттын проектор коюп, слайд көрсөтүү тууралуу өтүнүчүн сот четке каккан. Кийин сот түшкү танаписти бир саатка коюп, Жакупбекова баласын эмизип келүүгө үлгүрбөй калган. Анткени, сот адвокат Чынара Жакупбекованын эмчектеги баласын эмизип келүүгө уруксат сураса жарым саатка гана уруксат берди. Иш убактысы бүткөнүнө карабай сот процессти улантып жаткандыктан адвокат саат бештерде сотко нааразылык билдирип, ишеним көрсөтпөө жөнүндө өтүнүч келтирди. Сот Ирина Воронцова аны канааттандырган жок.
Аида Салянова өзү процесстен кийин журналисттер менен кыскача маектешип, анын үстүнөн чечимди шашылыш чыгаруу аракети жүрүп жатканын билдирди.
https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1791715660890881/
Адвокат Чынара Жакупбекова ден соолугуна байланыштуу отурумга келе албагандыктан буга чейин Саляновага мамлекеттик жактоочу берилген эле. 1-февралдагы отурумда мамлекеттик жактоочу Саня Ахмаметова 12 томдук иш менен таанышып чыгууга судьядан убакыт сураган. Бирок судья Ирина Воронцова аны канааттандырган эмес. Буга Аида Салянова да нааразылык билдирип, 12 томду бир күндө окуп чыгуу мүмкүн эмес экенин айтып, сотко ишенбестик көрсөттү.
Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деп айыпталууда.