• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум жылдырылды

5 Аяк оона 2019 18:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурум 24-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакыпбекова билдирди.

«Жараян 24-сентябрга жылдырылды. Ага ишти караган соттук коллегиянын баяндамачысы келбей калганы себеп болду»,- деди жактоочу.

Эске салсак, Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган эле.

Количество просмотров: 44