• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
PARIS, FRANCE — AUGUST 10: Taha Akgul of Turkiye and Aiaal Lazarev of Kyrgyzstan take off their shoes at the end of the match as they both retire from wrestling in the 125kg Men’s Freestyle Wrestling Final 3-5 during the Olympic Games on August 10, 2024 in Paris, France. (Photo by Kadir Caliskan — United World Wrestling/Getty Images)

Айаал Лазарев Олимпиада оюндарына катышкандан кийин күрөштөгү карьерасын жыйынтыктады

11 Баш оона 202416:55 Бишкек Govori.TV

Бардык нерсенин башталышы анан аягы болот». Ушундай деп билдирүү жазды кечээ Парижде спорттук карьерасын жыйынтыктаган Айаал Лазарев. Ал Олимпиадада коло медаль үчүн беттешип, жеңилип калган соң, спорттук бут кийимин чечкен.

«Олимпиада -2024. Париж. Франция. Өкүнүчтүү, бирок ошол эле учурда татыктуу 5-орун. Жашоомдун маанилүү бир бөлүгү ушинтип аяктады. Бардык нерсенин башталышы жана аягы болот. 27 жылымды ушул спортко арнадым. Мен кичинемден кыялданган Олимпиада чемпиону боло алган жокмун. Бирок Кудай мага оор салмактагы балбан катары кызыктуу жана унутулгус карьера тартуулады. Бардыгы үчүн Кудайга ыраазычылык билдирем. Менин жанымда болгондорго рахмат»,— деп жазды ал.



38 жаштагы эркин күрөшчү Айаал Лазарев күрөш боюнча карьерасын жыйынтыктады.


Олимп оюндарынын коло медалы үчүн күрөш аяктагандан кийин дароо күрөш костюмун чечип, спорттук карьерасын аяктаганын символдоштурган килемге калтырды.


Анын атаандашы түрк балбаны Таха Акгүл да ушундай кадамга барып, Лазаревди жеңип, коло медаль тагынды. Лазарев 2024-жылкы Олимпиада оюндарында бешинчи орунду ээлеген.


Эскерте кетсек, Лазарев Орусиянын жараны болгон жана якут күрөшү мектебинин бүтүрүүчүсү, бирок кийин Кыргызстандын атынан күрөшкө чыга баштаган. 2016-жылы ал биринчи жолу Олимпиадага катышуу укугун алган.

2020-жылы Токиодо өткөн кийинки оюндарда Лазарев 16-орунду ээлеген.

Стамбулда өткөн лицензиялык күрөш боюнча акыркы турнирде Лазарев Париждеги үчүнчү Олимпиада оюндарына жолдомо алууга жетишкен.

Айаалга ыраазычылык! 2009-жылдан бери Кыргызстандын туусун көтөрүп, далай мелдештерде өлкө намысын коргоду деген ыраазычылыктар социталдык түйүндөрдө байма-бай жазылууда.

Количество просмотров: 150