• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аялдамага ташталган бир жарым жаштагы баланын ата-энеси табылды

20 Бештин айы 2018 11:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.12.2018.Govori.TV.

Ата энеси карабай кеткен наристени Токмоктогу балдар үйүнө жайгаштыруу маселеси каралат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 2018-жылдын 10-декабрында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө бала таштап кетүү боюнча маалымат түшкөн. Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу Бурана айыл аймагынын Бурана айылындагы Чалдыбай ата көчөсүнүн №6 үйүнө чыгышкан. Жеринде бир жарым жашар баланы Чүй аймактык ооруканасына медициналык кароого жаткырылган. 
2018-жылдын 11-декабрында ички иштер бөлүмүндө КУПка №648 катталган. Оперативдүү маалыматтардын негизинде баланын энеси бар экендиги такталган. Ал Камбалаева Аида Эркиновна, 1995-жылы 30-апрелде туулган. Ысык–Ата районунун Хунчи айылында Ленина №15 үйүндө жашайт, ал эми атасы Сүйүнбаев Чынгыз Жолдошбекович, 28.02.1989-жылы Чүй районунун Бурана айылынын Чалдыбай ата көчөсүнүн №6 үйүнүн тургуну. Энесинин айтымында күйөөсү экөө ажырашкан, мындан сырткары энеси 2 баланы багууда. 3 бала тең энесинин колунда болчу. Энеси Камбалаева Аида Эркиновна 3 баланы багууда кыйналгандыгына байланыштуу кичүүсүн 1,5 жашар Жолдошбеков Баястан Чынгызович 21.07.2017-ж. туулган баласын Бурана айылында жашаган атасынын үйүнө жеткирип берген. Атасы багуудан баш тартып, Сүйүнбаев Чынгыздын Венера аттуу апасы “бала ташталды” деп Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат жөнөткөн.
Бул иш боюнча ички иштер бөлүмү тарабынан Чүй районунун аймактык ооруканасына 2018-жылдын 20-декабрына чейин 10 күнгө балдар бөлүмүнө жайгаштырылган. 
Баланын төрөлгөндүгү тууралуу справкасы жана күбөлүгү жок экендиги тастыкталган. 10 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин Токмок шаарындагы балдар үйүнө жайгаштыруу маселеси каралат. Баланын ата-энесине карата иштин жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.
Ал эми 2018-жылдын 19-декабрындагы интернет булактарындагы “Турмуш” сайтына жайгаштырылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал эми Чүй районунун аймактык ооруканасынын директору Абдрахманов Нурбек Саткыновичтин “Турмуш” сайтында көрсөтүлгөн мындай маалыматтар ал тарабынан берилбегендигин айтып, бул боюнча Чүй районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин атына түшүнүк кат жазып берген.

Теги:
Количество просмотров: 29