• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Айбек Калиев сот залында отургандарды күлкүгө салды

20 Баш оона 2019 23:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.08.2019.Govori.TV

Бүгүн, 20-августта, Бишкек шаардык сотунда ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган аткаминерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жараян болгон.

«Сот Айбек Калиевдин аты-жөнүн, туулган жылын тактап жатып, жашаган жерин сураганда ал УКМКнын тергөө абагынын дарегин айтып алды. Буга түшүнбөй калган сот «делодо башка дарек жазылып турбайбы?» деп кайра сураганда, «ал жакта менин үйүм да» деп жооп берди. Буга залда отургандардын баары күлүп жиберди. Калиев сөзүн оңдоп, «азыр мен УКМКнын СИЗОсунда жашап жатам да» деп тамашалады», — деди кабарчы.

Соттун жүрүшүн фото, видеого тартууга уруксат берилген жок.

Белгилей кетсек, Калиев 2018-жылдын апрель айында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Количество просмотров: 4