• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Примов: Ала качуу фактысында кыргызчылыкка салбай, мыйзам чегинде жооп берүүгө үйрөнүшүбүз керек

9 Тогуздун айы 2019 15:01 Бишкек Govori.TV

Тилекке каршы биз маселе курчуганда гана ага көңүл бурабыз. Андан соң ал маселе тез эле унутулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов билдирди.

Анын айтымында, ала качуу фактысында кыргызчылыкка салбай, мыйзам чегинде жооп берүүгө үйрөнүшүбүз керек.

Ала качуу маселеси ар дайым көңүл борборунда болуусу абзел. Бурулайга байланыштуу аянычтуу окуя келечекке чоң сабак болуш керек эле. Акыркы окуяны социалдык түйүндөн көрүп зээним кейиди. Андыктан тынымсыз күрөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек,-деди Примов.

Количество просмотров: 50