• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат: Андрей Малахов кыргыз элинен кечирим сурашы керек

26 Аяк оона 2019 15:59 Бишкек Govori.TV

Андрей Малахов кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Мындай пикирин ЖКнын депутаты Улан Примов билдирди.

«Россиядагы алдыңкы алып баруучулардын бири Малахов түз эфирде башка мамлекеттин тагыраагы биздин жараныбызды кандайдыр бир туура эмес сөздөр менен айтып, башка жактан келип алып деген сыяктуу. Биринчиден ал жаран аны атайылап кылган жок. Андыктан алып баруучунун сөзүн чагымчыл катары бааладым. Жалпы кыргыз элинен кечирим сурашы керек го деп ойлойм», — деди ал.

Количество просмотров: 36