• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Примов кызматын тапшырып берди. Жасалма долларлар саткандар кармалды

12 Тогуздун айы 2022 14:02 Бишкек Govori.TV

ВИЦЕ-СПИКЕР КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов кызматын тапшырып берди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Жаңы төрага менен бир фракцияда болгондуктан моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырууну туура көрдүм», — деди ал.

Эске салсак, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырып жатканын билдирип, чечимди жеке өзү кабыл алганын жана өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү туура көргөнүн айткан.

Ошол эле күнү анын ордуна ЖК төрагасы болуп Нурланбек Шакиев шайланган. Жабык добуш берүү менен шайланган Шакиевдин талапкерлигин 80 депутат колдосо 6 депутат каршы добуш беришкен.

ЖАСАЛМА АКЧА САТКАНДАР КАРМАЛДЫ

УКМК республикага жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта атылгандай, ушул жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып жана мындан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ЖККУНУН РОЛУ ТАЛКУУДА

Бүгүн, 12-октябрда Бишкекте «Аймакта коопсуздукту камсыз кылууда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана ЖККУнун ролу» аттуу тегерек стол өтүп жатат.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, аскердик эксперт Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу Марс Сариев, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановдор катышууда.

Чогулгандар учурдагы жергиликтүү жана геосаясий тенденцияларды эске алуу менен Борбордук Азия мамлекеттери үчүн коркунучтун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар, жаӊы шарттарда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү форматын өркүндөтүү маселелерин талкуулап жатышат.

Количество просмотров: 179