• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Айдоочу «Бишкек суу каналдын» эки кызматкерин коюп кетти

8 Бугу 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кырсыгынан «Бишкек суу каналдын» эки кызматкери жабыркады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү саат 10:30да Виноградная жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анда «Бишкек суу канал» башкармалыгынын эки кызматкери жабыркаган. Авариялык бригада көчөдөгү канализациялык системада тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда айдоочу эки кызматкерди коюп кеткен. Жерине Тез жардам жана Милициянын кайгуул кызматы чакыртылган. Жабыркагандар №4 ооруканага жеткирилген.

«Жумуштар унаа жүргөн тилкеде жүргүзүлгөн эмес жана жумушчулар атайын форма кийген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 254