Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Мраморное айылындагы жол кырсыгынын чоо-жайын айтып беришти.
Маалыматка ылайык, “Тойота Калдина” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 20 жаштагы А.У.А мас абалында болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдун жегиндеги бетонду сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен төмөнкү жүргүнчүлөр каза болгон:
Ошондой эле 2006-жылы туулган И.Ш.Ж жана И.А. Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.