• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айдоочу патрулдук милициядан качам деп бир унаа менен милиционерди сүзүп кетти

28 Тогуздун айы 202513:13 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИБинин айтымында, Mercedes-Benz Sprinter Кемин районун Орловкада өтүп жаткан рейдде токтотулган.

Маалыматка ылайык, анын айдоочусу 1989-жылы туулган З.А.Ж. мас абалында унаа башкарып бара жаткандыгы аныкталган. Унаа айып короого алып келингенден кийин 36 жаштагы айдоочу рулга отуруп качып кеткен. Качуу учурунда айдоочу “Бишкек-Нарын-Торугарт” айланма унаа жолуна чыгып, кызматкерлерден качып “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунун 90-чакырымынан кызматкерлерге баш ийбей “Мицубиси Паджеро” үлгүсүндөгү унаасын барып сүзүп токтогон.

Ошондой эле кызматкерди да сүзүп, жеңил жаракатка учураткан. Азыркы учурда унаасы айып короо жайына токтотулуп, айдоочу Кемин РИИБү тергөө кызматына жеткирилди.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 154