• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айдоочуга эскертүү! Боомдо таштарды түшүрүү иштери жүрөт

3 Бугу 2023 12:08 Бишкек Govori.TV

10-майдан 13-майга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, аталган иштер күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Белгилей кетсек, таш түшүрүү иштери Бишкек – Нарын – Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 45