• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Айдоочулар өздөрү билип жол киренин баасын 15 сомго көтөрүп жатышат

5 Кулжа 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы кичи автобустун айдоочулары өздөрү билип жол киренин баасын 15 сомго көтөрүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Мындай учурларга мыйзамга ылайык чара көрүлөт. Учурда кичи автобустардагы жол киренин баасы мурдагыдай эле 10 сом», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаардыктарга кайрылып, эгер ушул сыяктуу фактыларга күбө болсоңор сүрөт, видеого тартып жөнөтүүнү өтүнөт.

Буга чейин журналист Семетей Аманбеков капталдагы терезесине «жол кире 15 сом» деп жазып алган №199 маршрутканын сүрөтүн жүктөп, айдоочулар өз алдынча тарифти көтөрүп алганын жазган.

Количество просмотров: 537