• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Айдоочуларга эскертүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

28 Бештин айы 20239:27 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогорку экендигин эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырды.

Маалыматка караганда, 27синен 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору ашуулар:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Мырзаке-Кара-
Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-115 чакырымдары.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 88