• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Айдоочуну сөккөн аял Чүй ОИББдин кызматкери экени айтылды

1 Жалган куран 2019 16:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2019. Govori.TV

Кечээ, 28-февралда интернетке маршруттук таксинин айдоочусун ар кандай сөздөр менен тилдеп, сөгүп жаткан аялдын видеосу тараган. Анда аял жол эрежесин бузуудан баш тарткан айдоочу менен урушуп кеткени айтылат.

https://www.instagram.com/p/BubYCHoDIVV/

Машрутканын ичинде чуу салган аял Чүй облустук ички иштер бөлүмүнуң кызматкери экени айтылды. . Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

«Ал Чүй облустук ИИМБ кызматкери. Учурда бул факт боюнча ички кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Биз ал кыздын жеке өзү менен байланыштык. Анын сөзү боюнча, социалдык тармактагылар окуянын экинчи гана бөлүгүн чыгарышкан. Көрсө, маршрутканын айдоочусу аны колунан кармап тартканда, ал жыгылып түшкөн. Ал коркуп кеткен абалда ошондой сөздөр оозунан чыгып кеткен»,-деп айтты маалымат катчы.

Количество просмотров: 9