• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айдоочусу Алмаз Мамбетовго окшош экени айтылып жаткан унаа издөөгө жарыяланды

5 Бештин айы 2019 12:12 Бишкек Govori.TV

«Коопсуз шаардын» камераларына тартылган сүрөттөр интернетке тарап, анда 578 ACD мамлекеттик номери беш башка унаага тагылып жүргөнүн көрүүгө болот. Унаалардын бирин башкарып бара жаткан айдоочу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго окшош экени айтылып, талкууланган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаага издөө жарыялады.

Ал эми Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетов сүрөттөгү айдоочу ага окшош экенин, бирок, анын мындай унаасы, номери жок экенин журналистерге аткан эле.

Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко жасалма номерлерди колдонуу фактысын иликтөөнү айтты. Жана ошондой эле, эгер унааны башкарып бара жаткан адам Мамкаттонун жетекчиси болуп чыкса, мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин айтты.

Количество просмотров: 100