• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Айланма жолдо 18 жүргүнчү менен бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти

24 Тогуздун айы 201916:36 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 18 жүргүнчү менен бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти, деп билдиришти Turmush басылмасына күбөлөр.

Болжолдуу маалыматка караганда, жол кырсык 24-октябрда саат 13:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында катталган. Жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

Кичи автобустун айдоочусу жүк ташыган унаадан ашып өтүүгө аракет кылган. Бирок рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Анын ичинде 18 жүргүнчү болгон. Оор жараат алгандар жок экени айтылууда.

Жол кырсык болгон жерде жол сакчылары иштеп жатат.

Количество просмотров: 113