• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аймактарга жана чет өлкөлөргө добуш берүү үчүн бюллетендер жөнөтүлдү

2 Чын куран 2021 10:48 Бишкек Govori.TV

БШК аймактарга жана чет өлкөлөргө добуш берүү үчүн бюллетендерди жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү үчүн 3 млн 600 миң 996 бюллетень чыгарылып, 4 миң 966 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.

Бишкек шаарына – 415 миң 978, Ош шаарына – 150 миң 346, Жалал-Абад облусуна – 673 миң 327, Ош облусуна – 732 миң 963, Баткенге – 299 миң 847, Нарын — 206, 313, Ысык-Көл – 311 миң 935, Талас – 160 миң 212, Чүй облусуна – 595 миң 887, чет өлкөдөгү тилкелерге – 54 миң 189 бюллетень жөнөтүлдү.

Шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоонү өткөрүү үчүн 1 млн 45 миң 692 бюллетень өндүрүлдү. Мындан тышкары, 1 миң 196 бюллетень Брайл шрифти менен чыгарылган.

Бишкек шаарына 417 миң 987, Ош шаарына – 151 миң 390, Далал-Абад облусуна 139 миң 409, Ош облусуна – 38 миң 987, Баткен облусуна – 90 миң 756, Нарынга – 30 миң 986, Ысык-Көл – 76 мин 484, Таласка – 21 миң 948, Чүй облусуна – 77 миң 747 бюллетень жөнөтүлдү.

Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 2 млн 260 миң 712 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 120 бюллетень чыгарылды.

Жалал-Абад облусуна – 479 миң 421, Ош облусуна – 621 миң 421, Баткен облусуна – 188 миң 358, Нарын облусуна – 160 миң 644, Ысык-Көл облусуна – 228 миң 920, Талас облусуна – 130 миң 342, Чүй облусуна – 451 миң 606 бюллетень жөнөтүлдү.

Жыйынтыгында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өткөрүүгө 6 млн 907 миң 400 бюллетень даярдалды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 11-апрелде өтөт.

Количество просмотров: 112