• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айнура Султанбаева: “Султан Жумагулович, мени жумшак болууга үйрөттү”

7 Жетинин айы 2018 16:59 Бишкек Govori.TV

 

Айнура Султанбаева,  

Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары:  

 Султан Жумагулович биринчи министр болуп келгенде мен өкмөттө куратор болуп иштечүмүн. Бул тармакта 12 жыл иштедим. Кийин министрликке орун басарлык кызматка келдим. Султан Жумагулов менен 11 ай бирге иштеп,чогуу болдук. Бул убакыт аралыгында көп эле жумуштарды жасадык. Мен негизи бетке айткан ачык мүнөзүм бар. Адамдын көңүлүнө катуу тийип калганын капарга алчу эмес окшоймун. Ушул мүнөзүмдү байкап, “Маданият тармагында иштеп жатасың, маданияттуу тил менен түшүндүрүшүң керек”,- деп талап койчу. Ачуум келгенде жумшак айтып, тынчтандырып коер эле.  Азыр Султан Жумагуловичке жакшы  мүнөздү үйрөтүп, тарбиялаганы үчүн рахмат айтып жатам. Мурункудай бетке айткан ачык мүнөзүм болгондо жумуштан эбак эле алынсам керек эле. Ал мени жумшак болууга үйрөттү.

Количество просмотров: 35