Бишкек. 05.04.2019. Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева КСДПнан чыгып кеткен Асылбек Жээнбековдун партияга кошкон салымы чоң экенин “Govori.TV” агенттигине айтып берди.
“Саясий партия бул –команда. Ар бир команданын мүчөсүнүн партияга кандай салымы бар? Бул партиядан чыгып кеткен Асылбек Жээнбовдун КСДПна аябагандай чоң салымы бар. 2010-жылдагы Апрель окуясында өлкөнүн келечеги үчүн чечкиндүү кадамдарга барган”,-деди Алтыбаева.