Бүгүн, 10-августта Олимп оюндарында Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак ченинде жарым финалда күч сынашты.
Кыргыз балбан кызы атаандашы америкалык Кеннеди Блейдс менен беттешип, атаандашына 6:8 упай менен утулуп, финалдык баскычка чыга албай калды.
Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.