Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.
Кыргызстанда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин өтүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым соода түйүндөрүндө спирт ичимдиги сатылган жок. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Костантин Конкин аттуу жаран өздүк баракчасына жазып, соода борборлордо илинип турган маалыматтын сүрөтүн салып өз оюн калтырган.