Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда болгон Азия оюндарында расмий түрдө жеңүүчү аталды.
А.Тыныбекова Жакартада 62 кг салмакка чейинки балбандар арасында күч сынаган. Ал эми финалдык беттеште моңголиялык Орхон Пуревдорждон утулуп калган. 2018-жылдын 3-сентябрында Азиянын Олимпиадалык кеңеши моңголиялык балбандын допинг-тести оң натыйжа бергенин кабарлаган.
Анын Азия оюндарында көрсөткөн жыйынтыгы жокко чыгарылып, алтын медалы Айсулуу Тыныбековага расмий түрдө өттү. Ал эми япониялык Рисако Каваи күмүш медалдын ээси болсо, коло медалды вьетнамдык Ти Нгуэн менен Корей Элдик Демократия Республикасынын балбаны Йонг Сим Рим алды.
Булак: АКИ пресс.