Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан алтын медаль утту.
Ал финалда америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен беттешип, 7:0 эсеби менен жеңишке жетти.
Тыныбекова буга чейин жарым чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы 6:6 эсебинде жеңген. Жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде утту.
28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медаль уткан. Азиянын төрт жолку чемпиону.