• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова Баткенге барат

10 Бештин айы 2021 10:27 Бишкек Govori.TV

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткенге барат. Иш сапардын алкагында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушат. Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен жолугуп, андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен чоң жолугушуу өткөрүлүп, Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.

Количество просмотров: 116