• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Айсулуу Тыныбекова Египеттеги мелдеште алтын медаль багындырды

25 Бирдин айы 20239:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады.

Алтын үчүн кармашта кыргыз кызы кытайлык Сяоцзюнь Луону 3:2 эсебинде артта калтырып, турнирдин алтын медалына татыды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 781