Бишкек.04.08.2019.Govori.TV.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эл аралык “Poland Open 2019” мелдешинде финалга чыкты.Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org сайтында маалымдалат.
Белгилүү болгондой, Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалдан күрөшүп баштап, Швеция, Украина жана Орусиядан келген спортчу кыздарды утуп финалга чыкты.
Кошумчалай кетсек, Тыныбекова бүгүн финалдык беттеште тунистик Марва Амри менен алтын байге үчүн күрөшөт.