Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жаңы унаалуу болду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасына билдирүү жасады.
Тыныбекова 2019-жылы чыккан «Тойота» үлгүсүндөгү унааны белекке алды.
«2019-жылкы “Тойота” үлгүсүндөгү унааны белек кылган ”Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директору Абилдаевге ыраазычылык билдирем», — деп жазып калтырган спортчу.
Тыныбекова ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султан калаасында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Ал 62 кг чейинки салмакта катышкан.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча «Тарых жаратуучу» наамына татыган.