Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Айсулуу Тыныбековага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков үч бөлмөлүү батир белек кылды.
«Азыр эле президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунан чыктык. Айсулууга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын беришти», — деди спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков.
Ал эми машыктыруучуга акчалай сыйлык берилген.
«Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент ошондой эле көп жылдан бери аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди.
Айсулуу Тыныбекова Президентке, жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн рахматын айтып, бул жеңишин өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арнаганын айтты.
Нурбек Изабеков бул мелдеште Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын эске салды. Кыргызстан үчүн алгачкы болгон бул жеңишке жетишүү жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.
Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон.