Бугун 3-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров өкмөткө кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир берүүнү сунуштады.
«Машыктыруучуга бир бөлмөлүү болсо да батир берсеңер чоң колдоо. Токиодо өтө турган Олимпиадада Айсулуу жеңет деген үмүттүн акталышына кошкон салым болот» — деди Бакиров.
Президент Сооронбай Жээнбеков Тыныбекованын ата-энесин жана машыктыруучусун кабыл алып, спортчу кызга үч бөлмөлүү батир берген. Ал эми машыктыруучусу Нурбек Изабековко акчалай сыйлык тапшырылган.
Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган.
Нурбек Изабеков 2010- жылдан баштап улуттук кыз-келиндердин эркин күрөшүнун башкы машыктыруучусу болуп келет.