ИИМ кылмыш тууралуу жалган маалымат таратуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун, анын негизинде жашы жете элек өспүрүмгө карата жасалган кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалганын маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон, 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык экендиги аныкталды.
«Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан. Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Анын өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана жазылуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык — пайда табуу ниетинде, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо — боюнча кылмыш иши козголду. Нарынбек уулу Сыймык мыйзамда белгиленген тартипте кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды ведомствонун расмий булактарында жарыяланган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.
Эске салсак, Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча коомчулукка өзүн “кыздын агасымын” деген Сыймык Нарынбек уулу маалымат бере баштаган. Ал бир катар медиага кыздын өлүмү, аны издөө иштери тууралуу айтып берген.
1-октябрда ИИМ Сыймык Нарынбек уулу анын жакыны болбогонун билдирген. Министрлик тараткан видеодо аталган жаран социалдык тармактарда катталуучу чогултуу үчүн ушундай ишке барганын, өзүн ИИМдин кызматкери деп тааныштырып Айсулуу Мукашеванын туугандарынан, тааныш-билиштеринен маалымат чогултканын айткан.
Ал эми СерепТВ каналы Айсулуу Мукашеванын апасы менен байланып, “Сыймыктан жардам берүүнү сурангам, кайрылуу жасоого уруксат бергем” дегенин билдиришкен.
Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
41 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынып, ишти мындан ары тергөөнү министрликтин Тергөө кызматы алды.