Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
5-июнь күнү Айт намаз учурунда Бишкектин бир нече көчөсү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Унаа кыймылына, Чүй проспектиси — Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жана Фрунзе көчөсү — Абдрахмановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыкта чектөөлөр болот.