• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Айыккыс илдетке чалдыгып, абактан бошотулган Суталинов Курманкуловдон кабар алды (сүрөт)

21 Жетинин айы 2022 12:04 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов Кой-Таштагы операция учурунда жаракат алган Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Самат Курманкуловдон кабар алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эске салсак, Суталиновду Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 7-майында ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жатканы айтылган. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

Количество просмотров: 3463