• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айыл чарба министринин орун басары кармалды

27 Тогуздун айы 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ата мекендик айыл чарба продукцияларын чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыгаруу үчүн жогорку кызматтагы адамдар жана айрым компаниялардын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүп алышканы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө бул мыйзамсыз иштерге айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарларынын тиешеси бар экендигин тастыктаган далилдер табылды.

Кечээ, 26-октябрда УКМК тарабынан айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары М.И. жана министрдин мурдагы орун басары И.А.С. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.

М.И. деген инициалдарга айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары Марсбек уулу Иличтин аты-жөнү туура келет.

Количество просмотров: 404