Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигиндеги бөлүм башчынын «министрдин орун басары рангында» Кытайга иш сапарына жөнөп жатканынын кызматтык комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлаганын 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, азырынча атайы түзүлгөн этикалык комиссия эч кандай чечим чыгара элек. Себеби, калыс чечим чыгаруу үчүн Анаркүл Беккулиеванын өзүнүн пикирин угуу керек, бирок, азырынча ал кайда экени белгисиз болууда.
Ал эми айыл чарба министрлигинен маалымдагандай Беккулиева 1-августтан тарта эс алууга чыккан.
Эске салсак, «XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жармаңкеси жыл сайын Кытайдын ар кайсы шаарында өткөрүлөт. 100дөн ашуун өлкөдөн миңге жакын өнөр жай жана соода топтору, бир нече миң компания, ишкерлер катышкан жармаңке бул жылы августтун соңунда 23-жолу өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан айыл чарба министринин орун басары рангындагы кызматкерге чакыруу келген.
Бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланып, министр Эркинбек Чодуевге карата сынды күчөттү.