Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин иштен алынган директору Бакытбек Мамытканов министр Эркинбек Чодуевдин мыйзамсыз жасап жаткан иш аракеттерин айтып чыкты.
Анын айтымында, министр Эркинбек Чодуев кол алдындагы кызматкерлерди мыйзамсыз жумуштан алып, жумуштан кетүү туралуу арызды мажбурлоо жолу менен жаздырып алган.
“Министрлик орунга менин да талапкерлигимди көрсөткөндө өкмөт тараптан мага ушул кызматты сунуштаган. Макул болуп бул кызматка киргенден кийин бир жума ичинде үч айдан кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз алды. Эмнеге десем биз баарыбыз үч айда натыйжа көрсөтө албасак жумуштан кетебиз деген. Мындай арызды өзү дагы жазган”, — деди Бакытбек Мамытканов.
Ал эми министр Эркинбек Чодуев Жогорку Кенеште комитет жыйынында болгондуктан маалымат алууга мүмкүндүк болгон эмес.
Бирок, министрдин кеңешчиси Асылбек Исаков Мамыткановдун сөзүн четке кагып, ал мыйзамдуу түрдө кызматтан алынганын айткан.