• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберүүгө шектелген кызматкерлер кармалды

8 Үчтүн айы 2024 17:39 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберүүгө шектелген кызматкерлер камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Ысык-Ата районуна атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Анын негизинде 2017-2018-жылдары Новопокровка айыл өкмөтүнө караштуу 20 гектар аңыз-шалбаа турак жай куруу үчүн сатылып кеткени аныкталган.

Мыйзамсыз түшкөн үйлөрдү документтештирүү, айыл чарба жерлерин турак жай категориясына которуу максатында 2023-жылдын февраль айында Жер комиссиясы жана Ысык-Ата акимиаты атайын буйрук чыгарып берген.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иш козгогон.

Ага байланыштуу Кылмыш иликтөө башкармалыгы Новопокровка айыл өкмөтүнүн кеңсесине, андан тышкары 16 тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөн.

Бул иш боюнча шектүү катары Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б., анын орун басары М.Н., «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын мурдагы директору Ш.М., аталган филиалдын кызматкери А.Н. жана жер сатуу менен алектенген А.А. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен алар камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 721