• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айылдашын бычактаган жигит 20 жылга эркинен ажыратылды

11 Тогуздун айы 201812:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV
Базар-Коргон районунда автобекетте 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүргөн жаран 20 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук сотунун 2018-жылдын 11-сентябрындагы өкүмү менен М. уулу Н. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-10-пункттары менен (киши өлтүрүү) күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Эске салсак, буга чейин Базар-Коргон районуна караштуу автобекетте эки жигит бычакташып, 19 жаштагы жигит алган жаракатынан улам каза болгондугу маалымдалган.

Количество просмотров: 46