Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
Динара Кийикбаева- жергиликтүү жамааттын лидери, өзүнүн көрөгөчтүгү, талкыпай эмгектенүүсү аркасында, ал жетектеген топ азыркы учурда күнөскана иштетип келет. Кирешелүү деп эсептелген бул ишкердиктин турун жаны гана өздөштүрүп жатканына карабастан, Динара башка пайдалуу иштерди аткарууга да үлгүрөт.
Мугалимдик кесипти аркалоо менен, ошол эле учурда айылдык кеңеште депутат катары кызмат кылууга да жетишет. Динаранын айтуусунда айыл жергесиндеги көпчүлүк айымдар үйдо отуруп, убактысын туура пландай албайт. Ошондуктан ал башкаларга үлгү болуп, аракет кылса ар бир айым ийгиликке жетише алгандыгын айтат.