• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Айзада Канатбекованын өлүмү. Бишкек ШИИБдин мурдагы жетекчисинин соту башталды

13 Теке 2023 15:35 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер башкармалыгынын экс-жетекчиси Бакыт Матмусаевдин үстүнөн соттук отурум башталды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, мурдагы милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Сотко келген эки күбө суралды. Кийинки отурум 25-июлга белгиленди»,- деп билдирди Токтакунов.

Эске салсак, Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Эки күндөн кийин ал жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине «шалаакылык» деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган.

Количество просмотров: 105